Жаңылыктар
Жер титирөөдөн жабыркаган үйлөр жок
Кыргызстан жаңылыктары
Жер титирөөдөн жабыркаган үйлөр жок

Кыргызстанда жер титирөөдөн урап түшкөн объектилер аныкталган жок. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Жалпысынан өлкө боюнча 78 объект каралып, анын ичинен 50дөн ашык жарандардан жарака пайда болуу жөнүндө келип түшкөн маалыматтар боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары, Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы жана Мамкурулушка караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун кызматкерлери менен биргеликте визуалдык кароо учурунда урап калган, же көчүп түшүп жашоочулардын мындан аркы жашоо шартына коркунуч жараткан объектилер аныкталган жок.