Жаңылыктар
Акылбек Жапаровдун катышуусунда ТИМдин коллегиялык отуруму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаровдун катышуусунда ТИМдин коллегиялык отуруму өттү

Тышкы иштер министрлигинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда жыйын өттү. Анда министр Жээнбек Кулубаев өткөн жылдын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. 2023-жылдагы негизги жыйынтыктар катары чет мамлекеттер менен саясий диалогду илгеритүүнү өнүктүрүүнү, экономикалык дипломатияны активдештирүү жана кыргыз жарандарынын чет өлкөлөрдөгү укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер айтылды. 

Акылбек Жапаров тышкы саясий ведомствонун 2023-жылдагы ишине оң баа берип, быйылкы жылда экономикалык дипломатия тармагындагы иш-чараларды активдештирүүнү тапшырды. Мындан тышкары, инвестицияларды жана инновациялык технологияларды тартууга өзгөчө көңүл бурулуп, биринчи кезекте стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорго, ата мекендик продукцияны экспорттоого, чет элдик туристтик агымдарды кеңейтүүгө жана тышкы транспорттук каттамдарды түзүүгө тапшырмалар берилди.