Жаңылыктар
Ленин районунун башкы архитектору акча алып жаткан жеринен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ленин районунун башкы архитектору акча алып жаткан жеринен кармалды

Бишкекте 1 000 доллар алып жаткан жеринен Ленин районунун башкы архитектору жана Мамлекеттик картографиянын экономикалык бөлүгү боюнча бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. 

Башкы архитектор коммерциялык объектилер түрттүрүлөт деп коркутуп, ээлеринен ортодогу адамдар аркылуу 2-3 миң доллар талап кылган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, башка кызмат адамдарынын бул коррупциялык схемага катышы бар-жогу такталып жатканы кошумчаланды.