Жаңылыктар
Акыркы үч жылда 189 мектеп курулду
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы үч жылда 189 мектеп курулду

Акыркы үч жылда жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоодон өттү. Билим уялары республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен каржыланган. 

Мындан сырткары, 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду. Ош облусунда жана Ош шаарында - 34 мектеп, Жалал-Абад облусунда - 35 мектеп, Баткен облусунда - 21 мектеп, Ысык-Көл облусунда - 17 мектеп, Чүй облусунда - 18 мектеп, Талас облусунда - 11 мектеп, Нарын облусунда - 7 мектеп пайдаланууга берилди.