Жаңылыктар
Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
 Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери токтотулду

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголуп жаткан 28 жаштагы кишини издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирмеге караганда, дайынсыз болуп жаткан Мухамедаалы Маматаалы уулунун жакын туугандары анын жоголгонуна 10 күн болгонун айтып, куткаруучуларга ыраазычылык билдиришкен. 10 күндөн бери тынбай иштеп, издөө иштерин активдүү жүргүздүңүздөр. ӨКМ, ИИМ кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз. Биз аны шаарда жүрөт деп ойлоп жатабыз, табылып калат деген үмүттөбүз", - деген туугандары. Министрлик кечээки издөө иштерине 282 адам тартылганын кабарлап, анын 172си ӨКМдин куткаруучулары экенин белгиледи. Эске салсак, Мухамедаалы Маматалы уулу 14-январда үйүнөн чыгып, акыркы жолу ошол түнү саат 02:00дө байланышка чыккан. Кийин Аламүдүн капчыгайындагы "Жаннат Резорт" мейманканасынын камерасынан тоо жакты көздөй бара жатканы аныкталган. Издөө иштери ӨКМ башчысы Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлдү.