Жаңылыктар
"ЗИЛ" лыжа базасы чыр-чатактан улам жабылды
Туризм
"ЗИЛ" лыжа базасы чыр-чатактан улам жабылды

Кышкы туризм мезгили башталып, башталбай жатып Чүй облусундагы "ЗИЛ" лыжа базасы чыр-чатактан улам жабылды. Ага базанын жетекчигилиги менен Үч-Эмчек айылынын тургундарынын ортосундагы келишпестик себеп болгон. 

Тоо туризми жакшы деңгээлге чыгып, КМШдан жана Европа мамлекеттеринен эс алуучулар агылып жаткан учурда белгилүү лыжа базанын жабылышы туризмге терс таасирин тийгизет дейт адистер. 

Деген менен Кыргызстанда туризм акыркы жылдары жолго коюлганын айтып, талдоочулар тармактын келечегине үмүт чоң экендигин айтып келет. Франциянын белгилүү "Ле Монде" гезити Кыргызстан кооз жаратылышы, бай тарыхы менен үй бүлөлүк эс алууга эн эле ыңгайлуу мамлекет экендигин жазып чыккан. 

Ал эми кышкы туризм жаатында өлкөдөгү тоо-лыжа базалары жогорку белгилүүлүккө жетип коңшу мамлекеттерди артка калтырып келет. Маселен “Каракол” лыжа базасы былтыр “RoomGuru.ru” мейманканаларды издөө сервисинин пикири боюнча КМШдагы алдыңкы он курорттун катарын толуктаган.

Сүймөнкуд Идирисов, "Биринчи радио"