Жаңылыктар
Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду. 

Мыйзамда кайрылмандын күбөлүгү менен ырастала турган адамдын укуктук статусунан тышкары, ошондой эле социалдык статусун караган “кайрылман” жана “кайрылмандын статусу” түшүнүктөрү кайра каралган. Социалдык статус берүү жана ырастоочу документтин болушу кийин кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан кепилденген социалдык жеңилдиктерди, анын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык-санитардык жардамды, ошондой эле калктуу конуштардын жерлеринин категориясынан турак үй куруу жана тейлөө, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер участокторун пайдаланууга мүмкүндүк берет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.