Жаңылыктар
Японияда күчү 7,3 баллга жеткен жер силкинүү болду
Дүйнө
Японияда күчү 7,3 баллга жеткен жер силкинүү болду

Японияда 7,3  баллдык жер титирөө болуп, өлкөнүн түндүк-чыгыш жээгин цунами толкуну каптады. 

Фукусима атомдук электрстанциясы жайгашкан аймакта 1 метрге жеткен толкун болуп жатканы кабарланууда. 

Япониянын метеорология агенттиги силкинүү баш калаа Токиодо да сезилгенин билдирди. Курман болгондор жана жаракат алгандар тууралуу маалымат азырынча жок. Өлкө бийлиги зилзала болгон аймактын жашоочуларын коопсуз жайларга кете турууга чакырды.

Фукусима станциясы орун алган райондо 2011-жылы катуу жер титирөө болуп, дүйнөдөгү эң чоң ядролук кырсыктардын бири катары тарыхта калган. Ал кезде жер титирөөнүн натыйжасындагы цунамиден 18 500 адамдын өмүрү кыйылып, Фукусиманын үч ядролук реактору бузулган.