Жаңылыктар
"Бишкекжарык" ишканасында 4,3 млн сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынган
Кыргызстан жаңылыктары
"Бишкекжарык" ишканасында 4,3 млн сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынган

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Бишкекжарык” мамлекеттик ишканасынын директорунун арызынын негизинде аталган ишканада бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө 2022-жылдын октябрь айынан баштап, 2023-жылдын апрель айына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын тышкы жарык берүү тармагынын ишин камсыз кылуу максатында даяр буюмдарды жасоо жана ордуларына орнотууга багытталган 4 млн 323 миң 450 сомдук товардык-материалдык баалуулуктар аталган мекеменин кампасынан жок кылынгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.