Жолдордун тайгактыгынан улам ооруканага жарат алып түшкөндөрдүн саны өсүүдө. Кечээ күнү эле Бишкек шаардык трамватология ортопедия борборуна 60 киши трамва менен кайрылган.
Алардын 30у жолдордун тайгактыгынан улам жыгылып жарат алган. Андыктан дарыгерлер тайгак жолдордо жүргөн тургундар өз ден-соолугуна кам көрүп ыңгайлуу бут кийим кийип, шашпай басууну сунушташат.
Тазалык ишканасынын кызматкерлери шаарыбыздын райондорундагы кооптуу делген тайгак жолдор тууралуу жана кулаганы турган бактар боюнча маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын атайын номерине же акимчиликтерге кабарлап койууну суранышат. Жолдо жургөн жүргүнчүлөр жана айдоочулар өз ден-соолугуна кам көрүп жолдо жүрүү эрежелерин сактаса дешет адистер.
Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”