Жаңылыктар
Өзгөн шаарында мыйзамсыз курулуштар буздурулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөн шаарында мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Өзгөн шаарында мыйзамсыз курулуштар буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облустук мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Өзгөн шаарынын мэриясына берилген жазма буйруктарына ылайык, шаардын Манас, Гагарин көчөлөрүндөгү мыйзамсыз курулуштар алынууда.