Жаңылыктар
Муфтий Замир Ракиев кызматтан кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Муфтий Замир Ракиев кызматтан кетти

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Замир Ракиев кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү Имам Сарахси атындагы мечитте жума намаздын алдында билдирди.

Азырынча муфтийдин эмне себептен кызматтан кеткени белгисиз. Азырынча тиешелүү мекемеде расмий маалымат тарата элек.

Белгилей кетсек, Ракиев Кыргызстандын муфтийи болуп 2021-жылдын июнунда шайланган.