Жаңылыктар
Өзгөндү айланган жолдун курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөндү айланган жолдун курулушу башталды

Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча келишимге кол коюлду. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун алгачкы долбоорунун курулушу бир жылда жыйынтыкталары пландалууда. Жол куруунун шарапаты менен райондун аймагында 1000 гектар жер аянты пайда болгону турат. Ага жергиликтүү бийлик шаарча курууну болжолдоп жатат.