Жаңылыктар
Жубайын кескилеген жаранга өкүм чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Жубайын кескилеген жаранга өкүм чыкты

Кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду сот 20 жылга эркинен ажыратты. 

Мындай чечимге Сокулук райондук соту келген. Андан тышкары, Эстебесов мурдагы аялына компенсация катары 2 миллион сом, мамлекетке айып пул катары 80 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында жашаган 36 жаштагы аял өз үйүндө бычакталып, кулак-мурду кесилген. Бул кылмышка шектелип анын 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, тергөө абагына киргизилген. Жабырланган аялдын кескиленген органдарын калыбына келтирүүгө түркиялык пластикалык хирург акысыз жардам убадалаган. Ага бир нече оор жана кымбат операция жасоо керек.