Жаңылыктар
Тажикстанда Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Тажикстанда Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында 26-январда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери Өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү. 

Анда Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.