Жаңылыктар
Мамлекет маданиятка кам көрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекет маданиятка кам көрүүдө

Былтыр мамлекеттик казынадан маданият тармагына 4 млрд сомдон ашык каражат каралды. Президенттин резервдик фондунан кошумча 670 млн сом бөлүндү. Алдыдагы беш-алты жылда кыргыз маданиятында "экинчи ренессанс" болот деген үмүт бар. Тармактын каралбай келген имараттары бүгүн текши оңдоодон өтүп жатат. 

Алсак, бир тарабы ашкана, бир тарабы казиного айланган мамлекеттик цирк оңдолуп жатат. Ушундай эле абалда турган орус драм театры бүгүн жаркырап жаңыланды.