Жаңылыктар
Соңку 3 жылда өлкө кандай жолду басып өттү?
Кыргызстан жаңылыктары
Соңку 3 жылда өлкө кандай жолду басып өттү?

Бүгүн, Садыр Жапаровдун президенттик кызматына киришкенине 3 жыл толду. Ошол мезгилде өлкө пандемиядан кийинки кыйын абалда турган. Эңшерилген экономика, отуз жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карыз, ошол учурдагы саясий туруксуздук, эл аралык майдандагы өлкөнүн аброю: жакынкы жана алыскы өнөктөш өлкөлөр менен болгон мамиле да начарлап турган. Кыскасын айтканда Садыр Жапаров жеңил учурда өлкө башына келген жок. 

Экономика үч жыл ичинде эки эсе өсүп, республиканын консалидацияланган бюджети 600 млрд сомго жакындады, былтыр ички дүң продукция 1 трлн сомдук тарыхый чектен өттү. Жөлөк пул, пенсия айлык-маяналар жогорулады. Эзели элдин пайдасына иштебеген Кумтөр алтын кени мамлекетке өтүп, кен байлыгы эл байлыгына айланды. Мамлекет өз алдынча масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууну баштады.