Жаңылыктар
Орунтаев мыйзамсыз курулуштардын тагдыры эмне болорун айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Орунтаев мыйзамсыз курулуштардын тагдыры эмне болорун айтты

Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр көз жоосун алып, бир көргөндө калаа өнүгүп жаткандай элес калтырат. Бирок маселенин экинчи тарабы ар бир шаар тургунун ойго салат. Жаман айтпай жакшы жок, кичине катуураак жер силкинсе, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн абалы кандай болот? Жакында эле катталган жер титирөөдөн кийин бул суроо ар бирибизде пайда болду.