Жаңылыктар
ИИМдин кызматкерлерине 28 автомашина берилди
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМдин кызматкерлерине 28 автомашина берилди

ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 28 автомашина берилди. Унааларды тапшыруу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Россия Федерациясынын Кыргызтандагы элчиси Николай Удовиченко жана ички иштер министрлигинин өздүк курамы катышты. 

Унаалар Россия өкмөтү менен, Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашырылып жаткан жаңы программа менен грант түрүндө алынды. Биринчи этап менен унаалар сатып алынды. Калган этаптарында ИИМге керектүү техника жана жабдуулар алынат.