Жаңылыктар
“Парламент такси” теледолбоору сынга кабылды
Саясат
 “Парламент такси” теледолбоору сынга кабылды

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы уюштуруп жаткан “Парламент такси” теледолбоору уланып жатат. Депутат менен шайлоочулардын ортосундагы байланышты бекемдөөнү максат кылган долбоордо эл өкүлдөрү түшкү тыныгуу маалында өз унаасы менен жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Бирок, бул демилгенин айрым кемчиликтерин айтып сындагандар да бар. Коомчулукта депутаттар такси эмес, маршруттук таксилерди жана автобус, троллейбустарды айдап, же коомдук траспортко түшүп эл менен дагы жакындашса деген пикирлер айтылып жатат.

Депутаттар мыйзам чыгаруу менен эле чектелбейт, такси да айдап, шайлоочулар менен кезиге алат. Алар кабинетте же жыйындар залында гана эмес адаттан тыш, унаа ичинде баарлашып, элдин көйгөйүн уга алат – дейт долбоордун демилгечиси, Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу.

Деген менен аталган долбоорго коомчулукта бир катар сын-пикирлер да айтылып келет. Долбоордун биринчи катышуучусу, депутат  Узарбек Жылкыбаев такси кызматын аркалаган учурда коопсуздук курун тагынган эмес деп да бир катар басылмалар жазып чыккан. Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары депутат таксистер жөнөкөй карапайым айдоочудай кийинип, сөз баштаса, элдер тартынбай депутаттар жөнүндө бардык ойлорун айтып бермек деген пикирлер айтылууда. Жарандык активист Гүлжигит Исаковдун айтымында, депутаттар такси кызматы эмес, коомдук транспортко автобус, троллейбуска түшүп, эл менен жолукса пайдалуу болмок дейт.

 “Парламент такси” теледолбооруна баардык фракциядан депутаттар өз каалоосу менен катыша алат. Түшкү тыныгууда шаар тургундарын көздөгөн жерине жеткирип, ал арада шайлоочулар менен жолугууга алат.