Жаңылыктар
К. Ташиев Жалал-Абад стадионунун абалын сындады
Кыргызстан жаңылыктары
К. Ташиев Жалал-Абад стадионунун абалын сындады

Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадиону оңдолууда. Бул боюнча атайын долбоор даярдалган. Ал арада Жалал-Абадга жумуш сапары менен барган Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев стадиондун учурдагы абалын көрүп , бир катар кемчиликтерге күбө болду. Тийиштүү жетекчилердин ишине сын айтып, стадионду иретке келтирүү боюнча тапшырмаларды берди.