Бишкекте экинчи ирет улуттук салык форуму өттү. Анда салыктык кызматтарды, электрондук салык сервистерин колдонуу тажрыйбасын жана салык жаатында сабаттуулукту жогорулатуу маселелери талкууланды. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышып, соңунда атайын резолюция кабыл алынды.