Бишкек республиканын эң ири киреше алып келүүчү шаары болуп саналат. Республиканын консолидацияланган бюджетинин жалпы кирешелеринин 60%дан ашыгы Бишкек шаарынын үлүшүнө туура келет, бул өлкөнүн өндүрүш ишканаларынын борбордо топтолушу менен шартталган. Быйыл калаада 4 өнөр жай ишканасы ишке берилет. Анын натыйжасында дагы 500гө жакын жумуш орду түзүлөт жана бюджетке кошумча каражаттар түшөт.