Кыргызстанда быйыл 50 бейтаптын бөйрөгү акысыз алмаштырылат. Эртең биринчи операция Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун базасында жасалат. Анда атасы 21 жаштагы кызына бир бөйрөгүн берүүгө даярданууда. Операцияга чейинки даярдыктар менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев таанышып чыкты.