Жаңылыктар
Акылбек Жапаров аварияга байланыштуу алматыдагы сапарын токтотту
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров аварияга байланыштуу алматыдагы сапарын токтотту

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу иш сапарын токтотуп, Алматы шаарынан Бишкекке келди. 

Ал президенттин администрациясында штабдын жыйынын өткөрөт. Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күн мурун, 1-февралда иш сапары менен Казакстандын Алматы шаарына учуп кеткен. Иш сапарынын алкагында Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Индустрия X” эл аралык санарип форумуна катышмак.