Жаңылыктар
Жылуулук 2-3 күндө калыбына келтирилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жылуулук 2-3 күндө калыбына келтирилет

Авариянын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча иш чаралар жүрүп жатат. Бул туурасында Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимбаев маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтуусунда, таңкы саат 3төгү авария болжолдуу 14-от казанда болгон. "Так маалыматты абалды иликтеген комиссия берет" деди Керимбаев. Керимбаев белгилегендей, борбор калаада жылуулукту берүү толугу менен 2-3 күндө калыбына келтирилет. Бүгүнкү түзүлгөн кырдаалдан улам жылуулук борбору жылуулукту рециркуляция режиминде берилүүдө. Ал эми жылуу сууну берүү айрым жерлерде чектөөгө алынды. Электр менен камсыздоодо маселе болбойт, жарык үзгүлтүксүз бериле турганын Энергетика министринин орун басары белгиледи.