Жаңылыктар
Кечке чейин 4 буу казан ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
Кечке чейин 4 буу казан ишке кирет

Бишкек Жылуулук борборунда кечке чейин 4 буу казан ишке берилет. Бул тууралуу маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.

Анын айтымында, жарылуунун кесепетинен ЖЭБдин түтүктөрүнөн суу агып, астыңкы бөлүгүнө суу толгон. Азыркы учурда суулар сордурулуп, кургатуу иштери жүрүп жатат. "Мындан тышкары, электр жабдууларынын айрым бөлүктөрү жабыркаган. Сууну сордуруу жана кургатуу иштери толук бүткөндөн кийин электр энергияны берүү өз калыбына келтирилип, кечке чейин 4 буу казанды ишке беребиз деп турабыз. Муну менен Бишкек шаарынын жылуулук системасын мындан ары кармап турууга мүмкүн болот", - деди ал.