Жаңылыктар
Садыр Жапаров Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. 

Эске салсак, бүгүн таңкы 3тө Бишкек ЖЭБинде кырсык болду. Мамлекет башчысы Бишкек жылуулук электр борборундагы кырдаалды жеке көзөмөлүнө алган. 

ЖЭБдеги түзүлгөн кырдаалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантып, абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.