Жаңылыктар
Эмил Жамгырчиев депутаттык мандатынан ажыратылды
Кыргызстан жаңылыктары
Эмил Жамгырчиев депутаттык мандатынан ажыратылды

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алды. Маалыматка ылайык, Эмил Жамгырчиев мандатын тапшыруу боюнча өзү арыз жазган. Боршайком ушул эле күнү Токтобүбү Оргалчаны “Альянс” cаясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон. 10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.