Жаңылыктар
ЖЭБдеги кырсыктын кесепетин жоюуга 861 адам тартылды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖЭБдеги кырсыктын кесепетин жоюуга 861 адам тартылды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 861 адам, 18 техника тартылды. Анын ичинен ӨКМден 81 куткаруучу, 8 техника, 1 суу сордуруучу мотопомпа, дрон, 2 жылыткыч, 4 чатыр. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ⁠авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоо, ЖЭБди имаратын жылуулоо максатында 50 миң чарчы метр полиэтилен пленкасы алынып, куткаруучулар жылуулоо иштерин аткарылууда. Ал эми ЖЭБдин ичиндеги сууну сордуруу иши толугу менен аяктады. Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 10 чатыр даярдалып, анын 4ү тигилген. Жеринде мындан сырткары жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан 517 кызматкер 10 техника курулуш компанияларынан 263 куруучу ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү ишине көмөктөшүүдө.