Аксы Жалпы дарыгерлик практика борборунда жана Ала-Бука Жалпы дарыгерлик практика борборунун №1 жана №2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратында мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алардын ачылышына Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева катышты.Ал өз сөзүндө мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты калктын жеткиликтүү дары-дармекке байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү экенин белгилеп өттү. Белгилей кетсек, учурда республика боюнча жалпы 63 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.