Жаңылыктар
Кыргызстандык боксчу Өмүрбек Бекжигит уулу эл аралык мелдеште байгелүү орунду ээледи
Спорт
Кыргызстандык боксчу Өмүрбек Бекжигит уулу эл аралык мелдеште байгелүү орунду ээледи

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Өмүрбек Бекжигит уулу Испанияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште күмүш медаль жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

Спортчу 86 кг чейинки салмакта катышып, жалпы үч беттеш өткөрдү. Алгач 1/4 финалдык беттеште польшалык мушкерди жеңип, жарым финалдык беттеште индиялык спортчуну уткан. Ал эми алтын медаль үчүн беттеште англиялык мушкерге жеңилип калып, 2-орунду камсыздады. Буга чейин аталган мелдеште кыргызстандык боксчулар Мунарбек Сейитбек уулу алтын, Сагын Сатыбалды уулу коло медаль уткан. Мелдеш 29-январда Ла-Нусия шаарында башталган, ал 4-февралда жыйынтыкталат.