Жаңылыктар
Өзбекстан жиберген газ баллондору Бишкекке келет
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстан жиберген газ баллондору Бишкекке келет

Өзбекстан гуманитардык жардам катары жиберген суюлтулган газ баллондору Бишкекке алып келинет. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалы билдиргендей, кечээ, 3-февралда келген газ баллондору Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын кампасында турат. 

Жакынкы убакытта борборго жиберилет. Айта кетсек, 3-февралда Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу Өзбекстан Кыргызстанга суюлтулган газ баллондорун жөнөткөн. 9 ИСУЗУ жүк ташуучу унаасы менен 1 миң газ баллон «Бек-Абад» автожол посту аркылуу Жалал-Абад шаарына алып келинген. Жүктү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директорунун капиталдык курулуш иштери боюнча орун басары Дамир Токтогулов кабыл алган.