Жаңылыктар
Каныбек Туманбаев: "Гознак" ишканасы толугу менен мамлекетке өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Каныбек Туманбаев: "Гознак" ишканасы толугу менен мамлекетке өттү

Мамлекеттик маанидеги бардык документтерди басып чыгаруу укугун алган "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коому толугу менен мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган ишканада 65% мамлекеттин үлүшү болгону менен ушул кезге чейин өлкө казынасына дивиденд төкпөй келген.

"Анткени туунду компанияларды ачып алышып, мамлекеттин үлүшүн ар кандай жол менен төлөбөй жүрүшкөн", — деди ал.

Туманбаев "Гознак" ишканасырыр ишмердүүлүгү менен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды бергендигин кошумчалады.

"Мындан ары "Гознак" ЖЧКсы "Учкун" мамлекеттик мекемесинин карамагында болуп, өлкө кызыкчылыгы үчүн иштейт", — деп жыйынтыктады президенттин иш башкармалыгы.