Жаңылыктар
Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кызматташуу өнүгүү жолунда
Саясат
Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кызматташуу өнүгүү жолунда

 Бишкекте эки тараптын комплекстүү маселелерин талкуулаган, кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын 15-жыйыны жыйынтыкталды. Анда кыргыз-тажик чек арасында тынчтык менен туруктуулуктун сакталганын тараптар эң негизги саясий жетишкендик катары белгилешти. Отурумда эки мамлекеттин кызматташтык алакасы жаңы баскычка чыгып, бир топ олуттуу маселелер боюнча орток пикир табылганы белгиленди жана келечекте да негизги жагдайлар боюнча макулдашуулар ушундай достук маанайда чечилээри айтылды. 

 Албетте экономикалык байланышты күчөтүү да тараптардын башкы максаттарынан. Анын үстүнө Тажикстан менен аймактык жактан жакындык ата мекендик өндүрүүчүлөргө продукциясын сатууга кеңири шарт түзөт. Дагы бир жагы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында коңшулар менен жакындашууда. Себеби Кыргызстан экологиялык жактан таза азыктарды өндүрүп экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар. Жеңиш Разаков ал үчүн Тажикстандан чийки зат алып туруу жагын жандандыруу зарыл экенин сунуштады.
Тажикстан тарап болсо Кыргызстандын суу энергетика, жеңил жана тамак-аш өнөр-жайына, кайра иштетүү, туризм менен айыл чарба тармагында кызматташууга даяр. Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Ибрахим мүмкүнчүлүктөр болгону менен бул багыттар боюнча байланыш солгун экенин белгиледи. Анын айтымында Тажикстан байланышты мындан ары чыңдап жана тереңдетүүгө болгон аракетти жумшай турганын ырастады.
Жыйындын соңунда кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынынын протоколуна кол коюлду. Эки тарап комиссиянын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга бардык аракет жумшаларын убадалашты.