Жаңылыктар
БИФ-2017: мыкты долбоор көрсөтүлөт
Экономика
БИФ-2017: мыкты долбоор көрсөтүлөт

 8-декабрда өтө турган Бишкек инвестициялык форумуна жергиликтүү 8 инвестициялык институт катышып, келечектүү бизнес долбоорлорду издейт. Ошондой эле Монголия, Украина, Тажикстан, Казакстан баштаган алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден инвесторлор келери күтүлүүдө. Айрыкча Индиядан инвесторлордун чоң тобу келет. Ушу тапта ЖИА бизнес-ассоциациясы ылайыктуу деген бизнес долбоорлорду кабыл алууда. Кабыл алынган долбоорлордун мыктысы тандалып алынып, 8-декабрда инвесторлорго сунушталат.

Чыны менен ѳлкѳ ичинде акча бар экенин ѳткѳн жылкы Бишкек инвестициялык форумунун жыйынтыгы кѳрсѳткѳн. Анда беш компания ѳзүнѳ ѳнѳктѳш жана капитал таап, колунда капиталы бар кыргызстандыктардын потенциалы бир миллион 200 миң долларга бааланган.
Бирок азырынча Кыргызстанда ишкер менен инвестордун биргелешип иштеген тажрыйбасы жок. Бир жагынан инвестор тобокелчиликтерди ишкер менен кошо бѳлүшкүсү келбейт. Экинчи жагынан ишкер ѳз компаниясына башка бирѳѳнүн кийлигишкенин каалабайт. Деген менен ички потенциалды колдонуп, ѳндүрүштү кеңейтүү менен жергиликтүү компаниялар чоңоё алмак. Бишкек инвестициялык форуму дагы ушул максатта ишкер менен инвесторду бир аянтчага чогултуп жатат. Ушул тапта ЖИА бизнес-ассоциациясына 60ка чукул бизнес долбоор келип түшкѳн.
Долбоорлорду кабыл алуу 28-ноябрга чейин уланат. ЖИА бизнес-ассоциациясы келип түшкѳн долбоорлордун мыктыларын тандап алып, 8-декабрда ѳтѳ турган форумда ички жана сырткы инвесторлорго сунуштоого даярдамакчы.