Жаңылыктар
"Зил" лыжа базасындагы талаш
Кыргызстан жаңылыктары
"Зил" лыжа базасындагы талаш

 Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан “Зил” тоо-лыжа базасы быйыл кышкы сезондо иштей бермек болду. Бул тууралуу бүгүн базанын жетекчилиги менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин белгилүү болду. 

 Эске салсак, буга чейин жергиликтүү тургундар “Зил” тоо-лыжа базасынын аймагына контейнерлерди орнотуп, соода-сатык жүргүзүү талабын коюшкан. Бирок ага ишкана жетекчилиги каршы чыгып, бул маселе боюнча ортодо кайчы пикир жаралган болчу. 

Лыжа база Үч-Эмчек жана Таш-Башат айылдарынын жогору жагында жайгашкан. Жергиликтүү тургундар лыжа базанын унаа токтотуучу жайына 5 контейнер орнотуп алган. Директордун айтымында тургундар бул кадамын эч ким менен макулдашкан эмес.
 Жергиликтүү тургундар “Зил” тоо-лыжа базасынын жанына койгон контейнерлердин бири мына ушул.
Лыжа базанын ишмердигине айыл эли буга чейин да нааразы болуп келишкен. Маселен былтыр талаш маселе жергиликтүү элдин мал кайтарууга жерибиз жок деген дооматтарынан улам чыккан. Бирок ишкана жетекчилиги лыжа базасынын жери 49 жылга ижарага алынганын, андан жергиликтүү бюджетке 100 миңдеген ижара акы, миллиондогон сом салык төлөнүп келатканын айтат. Мындан сырткары айылдын жолдорун оңдоого, ар кандай социалдык долбоорлор боюнча тургундарга жардамдар берилип турат. Башында лыжа базаны ачууга жалпы 4 млн долларга жакын каражат жумшалган.
Жетекчилик лыжа базасын декабрь айынын башында ачууну пландап жатат. Негизи бул база 2008-жылы ачылган. Жетекчиликтин айтымында бул жерге келген туристтердин саны жыл сайын 20-30 пайызга көбөйүүдө. Лыжа сүйүүчүлөрү бир гана Кыргызстандан эмес, чет мамлекеттерден да келишет.