Жаңылыктар
Министрлер кабинетинин төрагасы Rotschild and Co компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Rotschild and Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малар де Ротшильд менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө улуттук стратегиялык ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Тараптар финансылык жана инвестициялык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.