Жаңылыктар
Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт – башкы инженер
Кыргызстан жаңылыктары
Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт – башкы инженер

 Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт түзүүдө. Бул тууралуу ЖЭБдин башкы инженери Нурлан Кулжыгачев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда 9 от казан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат.

“Жылуулук тармактарында суунун температурасы 61 градустан 70 градуска чейин”, - деди ал.

Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда.