Ал арада бир катар саясий талдоочулар, дипломаттар бул тууралуу пикирлерин билдирүүдө. Бир тобу “бир мамлекеттин ишине экинчи мамлекеттин кийлигишүүсү” - чыныгы тынчсызданууну жарата турганын белгилешсе, көпчүлүгү Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге жазган жообунда - Улуттук кызыкчылык толук сакталганын белгилешүүдө.