Жаңылыктар
Кыргызстанды “бизнес-оазиске” айлантуу багыттары
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанды “бизнес-оазиске” айлантуу багыттары

Өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү менен Кыргызстанды ачык жана ишенимдүү бизнес чөйрөсү бар региондук “бизнес-оазиске” айлантуу. Дал ушундай максаттар коюлганын Президент Садыр Жапаров Дубай шаарында өткөн 10-Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинде сүйлөп жатып билдирди. Анда мамлекет башчысы өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү боюнча көз караштары менен бөлүштү.