Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБ: диверсия, теракт деген божомолдор алынып салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек ЖЭБ: диверсия, теракт деген божомолдор алынып салынды

Бишкек жылуулук электр борборунда 2-февралда түзүлгөн штаттык эмес кырдаалдын себептери такталууда. Бирок, алдын-ала маалыматтар боюнча диверсия жана терактка байланыштуу деген божомолдор алынып салынды. Бул маалымат Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын көчмө жыйынында айтылды.