Жаңылыктар
Ош шаары референдум өткөрүүгө даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаары референдум өткөрүүгө даяр

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратов билдиргендей, Референдумду өткөрүүнү уюштуруу аяктап, шаардагы 73 шайлоо учаткасында азыркы тапта кызуу  даярдыктар жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

“Референдумга учурда Ош шаары даяр. Жалпысынан 73 шайлоо учаткасы бар. 364 оператордун тизмеси такталып, атайын окуудан өткөрүлгөн”, - деди А.Муратов.

Азыркы тапта шайлоочулардын тизмеси Ош шаары боюнча 118 987 шайлоочу катталды. 26-ноябрь тизме так бекитилет. Анткени, жарандар №2 жана №3 формалары менен шайлоого катышууга арызын берип жатышат. Ошондой эле, биометрикалык каттоодон өтбөгөн жарандар референдумга катыша албайт, деп билдиришти Ош шаардык паспорт жана виза бөлүмүндө. 

Айта кетсек, 16-ноябрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев участкалык комиссияларга бекитилген ар бир жооптуу кызматкер дайындаган.