Жаңылыктар
Кыргызстан-Тажикстан: товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу зарыл
Саясат
Кыргызстан-Тажикстан: товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу зарыл

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу керек. Мындай пикир эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өткөн жыйынында айтылды. Тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, жолугушууларды тынымсыз өткөрүп турууну макулдашышты.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чечилбей келген маселе катары чек-ара көйгөйү айтылып келет. Өкмөттөр аралык комиссиянын бул жолку жыйынында жолугушуулар натыйжа бере баштаганы, быйыл чек –арага жакын аймактарда абал туруктуу болгону айтылды. Вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков:

“Көптөгөн маселелер достук, конструктивдүү  маанайда талкууланып, чечилүүдө. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда быйыл жылуу мамиле орун алып, бардык деңгээлдеги тынымсыз жолугушуулар өттү. Суу-энергетикалык, транспорттук жана коммуникациялык келишимдер алаканы мындан ары да бекемдейт. Актуалдуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөр мазмундуу болду. Негизги саясий жетишкендик катары кыргыз-тажик чек-арасындагы тынчтыктын сакталышын атасак болот”.

Тараптар регионалдык мүнөздөгү долбоорлорду ишке ашыруу, улуттар аралык маданий диалогду өнүктүрүү, чек-ара боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу сыяктуу бир катар макулдашууларга жетишти.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"