Жаңылыктар
“Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
“Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 18-январындагы чечимин аткаруунун алкагында иштелип чыккан.

Конституциялык сот өзүнүн 2023-жылдын 18-январындагы чечиминде сот ишке катышуучу жактардын арызы боюнча же өз демилгеси менен ишти чечүүдө колдонулган же колдонууга тийиш мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө суроо-талапты өз кароосуна кабыл алгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кабардамасы алынган учурда иш боюнча өндүрүштү токтотуп тура алат деп белгилеген. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 216-беренесинин 7-пунктунун ченемдик жобосун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-берененин 1, 2-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 95-беренесинин 1-бөлүгүнө, 97-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 102-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп тааныган.

Ушуга байланыштуу кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 215 жана 216-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, ага ылайык сот ишке катышуучу жактардын арызы боюнча же өз демилгеси менен иш боюнча өндүрүштү ишти чечүүдө колдонулган же колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын жана/же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну (сунуштаманы, өтүнүчтү, суроо-талапты) өзүнүн кароосуна кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун актысын алган учурда токтотуп тура алат.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 217-беренесинин 5-пунктун жаңы редакцияда баяндоо каралган, ага ылайык иш боюнча өндүрүш аталган Кодекстин 215-беренесинин 6-пунктунда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту кайрылууну (сунуштаманы, өтүнүчтү, суроо-талапты) караганга чейин токтотуп турулат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.