Жаңылыктар
Чаткалда кар күрткүдө калгандарга жардам берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Чаткалда кар күрткүдө калгандарга жардам берилди

Чаткалдагы кар күрткүдөн улам 16-февралда жолдо калган 21 адам Кыргызгидромет кызматынын "Чапчыма" станциясына жайгаштырылды. Алардын тогузу түнөп, калгандары жолун улантып кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Жума күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка жолунда кар күртү пайда болгон. Мындан улам Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү эки унаа болжол менен 20 жүргүнчүсү менен жана бир жеңил машине жолдо калганы тууралуу 112 кызматына маалымат түшкөн. 16-февралдагы кардан улам Кыргызстандын бир катар тоолуу аймактардагы жолдор убактылуу жабылган. Жолдорду тазалоо аба ырайы турукташканда улантылары маалымдалган.