Жаңылыктар
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадовдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду

Акылбек Жапаров Али Асадовду Азербайжан Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелерин талкуулашты.