Жаңылыктар
Энергетика министри Тажикстанга иш сапар менен барды
Кыргызстан жаңылыктары
Энергетика министри Тажикстанга иш сапар менен барды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана бир катар энергетика тармагынын кызматкерлери Тажикстанга иш сапар менен барды. Кыргызстандан барган энергетиктердин иш сапарынын негизги максаты эки өлкөнүн энергетика тармагындагы мамилесин тереңдетүү жана чек ара мамилеси чечилгенден кийин буга чейин башталып, бирок толук аткарылбай кылган жумуштарды  ишке ашыруу боюнча алдын-ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү болду. 

3 күнгө пландаштырылган иш сапардын алгачкы күнү КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Джуманын жолугушуусу болду. Тараптардын жолугушуусунда учурдагы энергетика тармагындаргы кырдаал, тармакты өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, КА-1 ГЭС, курулуп жаткан ЧГЭСтер, жашыл энергетика, ТЭЦ, көмүр, CASA-1000 долбоору, чек аранын аймагында жашаган тургундардын электр энергиясына болгон көйгөйүн чечүү  боюнча талкуу болду.