Жаңылыктар
Президент Дубайда кайсы маселелерди көтөрдү?
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Дубайда кайсы маселелерди көтөрдү?

Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары бир катар ийгиликтүү сүйлөшүүлөр менен коштолду. Кандай гана жолугушуулар болбосун өлкөдө жагымдуу инвестициялык климат түзүү үчүн көрүлүп жаткан аракеттер, өзгөчө гидроэнергетика, туризм, тоо-кен жана бир катар тармактардагы потенциалдар жөнүндө сунуштар айтылды. 

Маселен, Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи менен да сүйлөшүп жатып, Мамлекет башчысы “Masdar” компаниясы тарабынан күн электр станциясынын курулушуна өзгөчө маани берилерин айтты. Өз кезегинде Кыргызстан аталган долбоордун алкагында милдеттенмелерин өз убагында так аткарары белгиленди. Ал эми, Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен да жолугушууда Кыргызстан өз ишин шариат ченемдерине ылайык так жүргүзгөн толук кандуу финансылык институтту ачууга кызыкдар экени айтылды. Тараптар бул сунуштарды канааттануу менен кабыл алып жатышты. Ал эми Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль Сувэйди менен жолугушууда, ири инфраструктуралык, инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу тереңдетүү жаатында пикир алмашуу болду.