Жаңылыктар
Кыргызстанга расмий иш сапары менен Монголия парламентинин төрагасы келет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга расмий иш сапары менен Монголия парламентинин төрагасы келет

Кыргызстанга расмий иш сапары менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар келет.

Парламенттен билдиришкендей, күн мурун Гомбожавын Занданшатардын 26-28-февраль күндөрү Кыргызстанда боло турган расмий иш сапарын уюштурууга арналган мекемелер аралык жыйын өттү.

Жыйынга төрагалык кылган Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев расмий иш сапардын алкагында өтүүчү иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу зарылчылыгына токтолуп: “Монголиянын парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатардын расмий иш сапары мамлекеттер аралык алакаларды арттырууда жана парламенттер ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө өзгөчө мааниге ээ”, – деди Алайбек Алымбаев.

Ага ылайык жыйында иш сапардын программасы талкууланып, ар бир мекемеге бекитилген иштер боюнча маалымат алынды.